Түркияда муунтуп өлтүрүлгөн кыргызстандык кыздын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

09:29, 06 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Түркияда муунтуп өлтүрүлгөн кыргызстандык кыздын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу haberturk.com маалымдайт.

34 жаштагы Катерина Ч.ны күйөөсү Мехмет Ч.нын агасы муунтуп өлтүргөн. Ал өзү полиция келип, кылмышын мойнуна алды. Ага азыр «адам өлтүрүү» айыбы менен иш козголду.