Өткөн суткада өлкөдө төрт өрт кырсыгы катталды

09:03, 06 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, өрттүн кесепетинен 1 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Токмок шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан 40 чарчы метр турак үйдүн 2 бөлмөсү, ичиндеги үй тиричилик буюмдары күйүп кетти. Анда 1980-жылы туулган Т.А. түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилген.

ӨКМдин билдирүүсүндө, өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.