Эртең бүт өлкө айымдары бир жерге чогулат

17:27, 05 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкекте «Айылдык кеңештерде аялдар үчүн 30%дык квота» аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өтөт.

Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Өкмөт менен бир катар коомдук-бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Форумдун катышуучулары бойго жетпеген өспүрүмдөр арасындагы никеге тыюу салуу маселесин жана айылдык кеңештерде аялдар үчүн бөлүнгөн квота көйгөйүнө тиешелүү мыйзам долбоорун талкуулашат.