Ошто жездесинен бычак жеген аял ооруканага түштү

15:44, 05 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 29 жаштагы аял бычак жеп ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Алардын маалыматында, 4-март күнү 1989-жылы туулган тургуну Д. А. ны базарда майда манты сатып жаткан жеринен белгисиз бирѳѳ артынан келип, жамбашына бычак сайып качып кеткен. 10 мүнөт өтпөй 1963-жылы туулган Ж.К. кармалды. Ал жабырлануучунун жездеси болуп чыкты.

«Шектүү балдызы эжесине ортого түшүп ири суммадагы карыз акча берип койгондуктан, карызды кайтаруу үчүн аялы Россияга иштегени кетип калгандыгын айтат. Ага себепчи болгон балдызын өлтүрүү үчүн бычак сайганын мойнуна алды» — дейт ИИБсы.