13:36, 05 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Ош базарындагы өрттө жабыркаган ишкерлердин чыгымдары аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Салык кызматынын текшерүүсүнөн кийин 74 ишкердин гана салык жана социалдык фондго акча которуп жүргөндүгү ырасталды.
74 ишкердин 32и банктан насыя алышкан. Алардын насыяларын кайра карап чыгып сунушталды. Ишкерлердин жалпы чыгымы — 16 миллион 984 миң 306 сом.