15:09, 02 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Ош унаа жолуна шагыл аралаш таш түшүп, унаа жол бир тарапка жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 10.00дө жолдун 398-чакырымында (Аю-Булак тилкеси) көлөмү 1300м3 кум аралаш шагыл түшкөн.
Жол азырынча ачыла элек.