16:53, 01 марта 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Баткен каттамы менен учкан учак жолдон кайра кайтып келип «Манас» аба майданына конду. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине аэропорттон ырасташты.
Алардын айтымында, Tez Jet компаниясы RJ85 учагы менен учкан. Себеби — «техникалык бузулуу». Учак аэропортко эч бир кырсыксын конгон. Жүргүнчүлөр жабыркаган эмес.