«Кербен» аэропорту кайра ишке кирет

15:32, 01 марта 2018, Бишкек - 24.kg

«Кербен» аэропорту кайра ишке кирет. Бул тууралуу чечим бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында кабыл алынды.

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Алмазбек Эргешовдун айтымында, оору-сыркоолорду борбор калаага алып келүү сындуу машакаттуу иштерден улам Жалал-Абад облусунун Аксы районуна авиа каттамды жандандыруу маселесинин зарыл.

Мындан тышкары 350 миң калкы бар бул өрөөндүн элинин дагы көптөгөн кат-кайрылуу келип түшкөн. Ошондой эле, бүгүнкү күндө Өзбекстан менен мамиле жакшырып бара жатканын эске алганда Аксы менен чектеш жайгашкан Өзбекстандын Наманган шаарынын тургундары дагы уча тургандыгы айтылды. Демек, аэропорт өзүн-өзү актайт.

Маалыматка ылайык, 1979-жылы курулган бул аэропорт, СССР кулагандан кийин ишин токтоткон.

Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев ички рейстерге учактардын жетишсиздиги көйгөй болуп жатканын, аэровокзал комплексин реконструкция жүргүзүүгө тендер жарыялангандыгын маалымдады.