21:25
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Кыргыз темир жолунун» жетекчиси ишкананын жерине кызына мейманкана курду

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев Өзбекстандын Кыргызстанга болгон карызын кечти. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Ногойбаев ишкананын өнүктүрүүнүн ордуна жеке иштери менен алек болууда.

«Биз кезде бюджеттин башкы капчыгы болгон ишкана эми мышый ыйлай турган абалга түшүп, банкрот болуу алдында турат. Алмазбек Ногойбаев ишкананы өзүнүн жеке менчиги катарып колдонуп, ушундай кырдаалга туш кылды», -дейт депутат.

Жанар Акаевдин билдирүүсүндө, кыргыз-орус фондунан алган 8 миллион 380 миң сомдук насыя дагы максатсыз чыгымдалууда.

«Ага сатып алынган вагондордун кыркы гана келиптир. Алар дагы тендердин талабына жооп бербейт. Бул боюнча ишкананын жоопту кишисинин колу коюлган иш кагаз менде бар. Андан тышкары, Алмазбек Ногойбаев Өзбекстандын Кыргызстанга 137 миллиондон ашык карызын кечиптир. Бул акча эмне бизге керек эмеспи?» — дейт депутат.

Мыйзамчы Алмазбек Ногойбаев өзүнүн кызына тиешелүү «Транс логистик» ишканасын өнүктүрүү менен алек болуп, ага «Кыргыз темир жолунун» жерине мейманкана куруп бергенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар