Маршруткаларга орто жолдо жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды

10:13, 01 марта 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште маршрутка жана башка унааларга орто жолдо жүргүнчүлөрдү түшүрүүгө тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүнкү отурумда депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, жүргүнчүлөр орто жолдо унаадан түшүп жолдо кооптуу кырдаалды жаратууда.

«мурда биринчи катарда турган ууналар түшчү. Азыр ортодо турган ууналардан дагы эки-үчтөн киши түшүп кетип жатат» — деди депутат.