13:17
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Түркмөнстанда белгисиз вирустан үй канаттуулары кырылууда

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда белгисиз вирустан улам үй канаттуулары кырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

«Өлгөн тооктордун эти көмүрдөй капкара болуп калууда. Бирөөсү өлөрү менен айылдагы бардык үй канаттуулары кырылууда. Жергиликтүү мал доктурлар сайып жаткан дарылар эч кандай таасир эткен жок», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Андан тышкары аймакта күйдүргүдөн мал жандыктары өлгөн учурлар катталып жатканы айтылууда. Бирок булар тууралуу расмий маалымат булактарында эч кандай билдирүү жок.

Акыркы жылдары өлкөдө белгисиз жугуштуу илдеттен мал жандыктары менен канаттуулар кырылгандыгы тууралуу бир канча жолу кабарланган. Акыркы жолу мындай учур өткөн жылы декабрда, Дашөгүз облусунун бир нече районунда катталып, ондогон мал жандык өлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби