Чаткал жолу кар көчкүдөн тазаланып ачылды

09:38, 28 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Чаткал районундагы унаа жолдор кар көчкүдөн толук тазаланып ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2018-жылдын 26-февраль күнү саат 16:30 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 99-100-чакырымында (Кызыл-Бел тилкеси) көлөмү 500м3 кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.