Чаткалга кеткен жол убактылуу жабылды

16:59, 27 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Чапчыма ашуусунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, кар көчкү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 87-88-чакырымында түшкөн. Буга байланыштуу унаа жолу убактылуу жабылды.