15:14, 27 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Түрктөрдүн белгилүү «Даңазалуу доор» сериалынын баш каарманы Хюрремдин образын жараткан таланттуу актриса Мерьем Узерли жакында Кыргызстанга келет. Бул тууралуу шоумен Ислам Сатаров билдирди.
Анын айтымында, актрисанын Кыргызстанга келээри анык. Бирок, азырынча датасы так белгилене элек.
«Биз Мерьем Узерлинин менеджери менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Жолугушууда Мерьем өз күйөрмандарына чыгармачылыгы жана кинодогу жетишкендиктери тууралуу айтып берет», — деди Сатаров.
Эскерте кетсек, актриса түрктөрдүн «Даңазалуу доор» сериалында Осмон империясынын 10-башкаруучусу болгон Султан Сулаймандын аялы Хюрремдин образын жаратып, аны чеберчилик менен аткарган. Аталган сериал актрисага атак-даңк алып келген.