06:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ноокатта базарлардын өрт коопсуздугу текшерилди

Ноокат районунун борбордук ири базарларында өрткө каршы машыгуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык көзөмөл боюнча инспекциясы маалымдайт.

Алардын айтымында, Араван, Ноокат райондору боюнча аймактык башкармалыгынын демилгеси менен «Кооператив» жана «Сары- Алтын» базарларында өрткө каршы текшерүү жана машыгуу иштери жүрдү. Маалыматта, аталган базарлар техникалык талаптарга жооп берери айтылат.

Эң көп окулган жаңылыктар