03:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра окууга жиберилет

Кыргызстанда үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра окууга жиберилет. Бул боюнча Административдик кодекске өзгөртүүдө айтылат. ИИМ сунуштап жаткан мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды.

Бир жыл ичинде үч жолу жол эрежесин бузган айдоочу кайра окуп, сынакты тапшыргандан кийин гана рулга олтура алат.

Андан тышкары унааны техникалык тейлөө эрежелерин бузгандар үчүн айыптын өлчөмү беш эсеге көбөйтүлөт. Жарандар 5 миң, кызматкерлер 10 миң сом төлөшөт. Бузук машинаны айдагандар 2 миң сомго айыпка жыгылат.

Ылдамдык эрежесин сактабагандар, коопсуздук курун тагынбагандар жана башка жол коопсуздугунун талаптарын бузгандар үчүн айыппул көбөйтүлөт.

 
Эң көп окулган жаңылыктар