Саламаттыкты сактоо министри кол алдындагылар жана гезит менен соттошпойт

11:23, 27 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев медициналык кызматкерлерге жана «Кыргыз туусу» гезитине каршы доо арызын соттон кайтарып алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактар билдиришти.

26-февраль күнү соттук териштирүүнүн биринчи жыйыны өтмөк.

Эскерте кетсек, министр гезиттен 2017-жылдын 1-декабрындагы санында медициналык мекемелердин кызматкерлеринин кайрылуусундагы айрым сөздөр анын кадыр-баркына шек келтирерин айтып, 500 миң сом талап кылган. Ал эми кайрылууга кол койгон шаардык эндокринологиялык диспансердин мурдакы директору Светлана Мамутова жана ордо кааладагы № 4 төрөткананын башкы даарыгери Бурул Алмазбекова баштаган 22 кишинин ар биринен 100 миң сом сураган. Доонун жалпы баасы 2,7 миллион сом болчу.