Чүйдө өрттө бир адам каза болду

10:33, 27 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылында катталган тилсиз жоодон улам адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык катталган жерден 1976-жылы туулган У.А. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.