Чүйдө кар эрип, суу каптоо коркунучу пайда болду

17:38, 26 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Москва районунун Биринчи Май айыл аймагында 2018-жылдын 23-февралында саат 17:00 чамасында аба-ырайынын жылуу болушуна байланыштуу кар ээрип, Ак-Суу айылынын Южный көчөсүндөгү № 13 үч кабаттуу үйдүн жер төлөсүн суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Техниканын жардамы менен жалпы 150 метр арык тазаланып суу каптоонун кесепеттери толук жоюлган.