10:13, 26 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Улуттук онкологиялык жана гемотологиялык борбордо «Бабатрон-II» жаңы аппараты ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.
«Бабатрон-II» — бул дистанциондук гамма-терапиялык, шишикти нурлантуучу аппарат.
Аны Индия Кыргызстанга эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тартуулаган.