15:29, 22 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек уулу Асылбектин эки жарандыгы бар экени ырасталды. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Казакстан Кыргызстанга нота жиберип, депутаттын экинчи жарандыгын маалымдаган.
Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын прокуратурасы аткезчилик айыбын такты.
Буга чейин депутаттын аты-жөнүн өзгөрткөнү айтылган.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу Алма-Атада эки айга камалды. Аны Казакстанда жүргүзүлгөн аткезчилик боюнча атайын операциянын алкагында кармашкан. Аны менен бирге Кыргызстандын дагы эки жараны камоодо.