Бишкектеги жол кырсыгында жети киши жабыркады. Үч жаш бала ооруканага түштү

15:04, 22 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкек шаарынын Абдырахманов көчөсүндөгү көпүрөнүн астында үч жүргүнчү ташыган кичи автобус сүзүшүп кетти. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө агенттигинен ырасташты.

Алардын айтымында, жол кырсыгына № 100, № 145 жана № 130 маршурткалардын ортодогу аралыкты сактабагандыгы себеп болгон.

Жыйынтыгында төрт киши шаардык травмотология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна, үчөө балдар ооруканасына жеткирилди. Абалдары өтө оор эместиги айтылууда.

Фото