10:04, 22 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында 7 миң жумуш орундуу тигүү фабрикасы курулат. Бул тууралуу шаардын мэриясы маалымдайт.
Маалыматка караганда, ага шаар мэриясы Кең-Сай айылынан 25 гектар жер бөлүп берди.
Ошондой эле, тигүү фабрикасына кошумча жумушчуларга социалдык объектилер жана жатакана курула тургандыгы пландалууда.
Учурда шаарда «ЖБИ-20» өндүрүш ишканасынын куруулушу башталды. «ЖБИ-20» өндүрүш ишканасы мембрана пакетин жана эт азыктарын кайры иштеп чыгарат. Ошондой эле, ишкана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.