Мурдакы президент Алмазбек Атамбаев журналист Нарын Айыптын батирин сатыкка чыгаруудан баш тартты. Бул тууралуу соттун бүгүнкү жыйынында анын өкүлү Нурбек Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Нарын Айып ал батирде энеси жана карындашы менен чогуу жашарын жана ал үйдүн үчтөн бир бөлүгүнө гана ээлик кыларын ырастады.
Белгилей кетсек, мурдакы президенттин өкүлү Башкы прокуратура менен бирге Нарын Айыптын батирин сатыкка коюу сунушу менен сотко кайрылган. Соттун жыйынында Нарын Айып соттун чечимин аткарып, Алмазбек Атамбаевге утулган акчаны төлөбөй жаткандыктан, батирди сатуу менен өндүрөрүн айтышкан.
Нарын Айып сотто эгер мурдакы президент банктык эсебин берсе, аз-аздан төлөп берүүгө даярдыгын билдирген.
Нарын Айыптан сырткары, «Адилет» укук коргоо клиникасынын жетекчиси, парламенттин мурдакы депутаты Чолпон Жакупованын Ысык-Көлдөгү коттежи сатыкка чыгарылды.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын коргоп,
«Заноза» сайты менен Чолпон Жакупованы сотко берген. Үч доо арыз боюнча тең сотто утулуп, «Заноза» сайтынын негиздөөчүлөрү Нарын Айып, Дина Маслова жана Чолпон Жакупова жалпысынан 30 миллион сом карыз.