08:45, 22 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Бишкек шаарларынан ажылыкка барууну каалаган жарандар үчүн ажылыкка катталуу 22-февраль кечки саат 16:00го чейин узартылды. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.
Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Бишкек шаарларындагы ажылыкка барууну каалаган жарандар 22-февраль таңкы саат 09:00дон кечки 16:00го чейин РСК Банкына 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын төлөп, ажылык серверине катталуулары зарыл.
Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ош шаарындагы ажылыкка баруучу талапкерлер берилген квоталарынан ашып кеткендигине байланыштуу төлөмдөр узартылбайт.