15:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Үч облуста ажылыкка каттоо мөөнөтү 22-февралга чейин узартылды

Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Бишкек шаарларынан ажылыкка барууну каалаган жарандар үчүн ажылыкка катталуу 22-февраль кечки саат 16:00го чейин узартылды. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Бишкек шаарларындагы ажылыкка барууну каалаган жарандар 22-февраль таңкы саат 09:00дон кечки 16:00го чейин РСК Банкына 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын төлөп, ажылык серверине катталуулары зарыл.

Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ош шаарындагы ажылыкка баруучу талапкерлер берилген квоталарынан ашып кеткендигине байланыштуу төлөмдөр узартылбайт.

Эң көп окулган жаңылыктар