Алты жашар кызды зордуктоого аракеттенген өгөй атасы кармалды

16:25, 21 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Алты жашар кызды зордуктоого аракеттенген өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Алардын маалыматында, Ленин районунун тургуну 15-февраль күнү милицияга кайрылып, жарандык никеде жашаган күйөөсү кызын зордуктоого аракет жасаганын билдирген.

1987-жылы туулган С.Т. кармалды. Ага Кылмыш кодексинин 130-беренеси менен (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) иш козголду.