Менчик кардиологиялык борборлордон салыктык жеңилдиктер алынат

16:17, 20 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Менчик кардиологиялык борборлордон салыктык жеңилдиктер алынат. Бул тууралуу өзгөртүү Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Салык кодексине сунушталды.

Комитеттин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева медицинанын бир эле тармагы салыктан бошотулганына нараазы болду. Экономика министр Артем Новиков кардилогиялык борборлордон салыктын жеңилдиктерди алып салууга макулдугун билдирди.

Бул чечим палатада каралат.