11:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Суроо-жооп. Эл алдындагы сөзү менен үйдөгү жүрүм-туруму дал келбеген «молдо»

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мен диний аалымдын аялымын. Жолдошум абдан абройлуу жана белгилүү инсан. Ортодо балдарыбыз бар, көп жылдан бери чогуу жашайбыз. Мен дагы динди карманган кишимин. Жолдошумду жакшы билгендиктен эл алдында сүйлөгөн сөзү жашоодогу өзүнүн жүрүм-турумуна дал келбейт. Андыктан, акыркы күндөрү анын элдин көзүн боеп жаткандыгы ойлондуруп баштады. Кээде анысын элге айтып чыксамбы деп да ойлоном. Же үйдөгү чырды көчөгө ташыгандай болуп каламбы?

Жооп: Албетте бул жерде сиздин уятыңыз, динге ишенимиңиз тынчыңызды алып жатат. «Өзү жасай албаган иштерди кантип бирөөгө насааттай алат» — деген ойдосуз. Кантсе да алгач жолдошуңуз менен сүйлөшүп, анын кемчиликтерин айтып, балким аны туура жолго үндөйсүз. Себеби, сиздин жолдошуңуз белгилүү инсан болгондуктан, сиздин чындыгыңыз көпчүлүккө жакпай калышы да мүмкүн. Анын баары сизге керекпи? Эгер жолдошуңузга таасир берип, анын сөзү менен жүрүм-туруму туура келген аалымга айлануусуна салым кошо алсаңыз мыкты болот.

Эң көп окулган жаңылыктар