11:36, 20 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Мен диний аалымдын аялымын. Жолдошум абдан абройлуу жана белгилүү инсан. Ортодо балдарыбыз бар, көп жылдан бери чогуу жашайбыз. Мен дагы динди карманган кишимин. Жолдошумду жакшы билгендиктен эл алдында сүйлөгөн сөзү жашоодогу өзүнүн жүрүм-турумуна дал келбейт. Андыктан, акыркы күндөрү анын элдин көзүн боеп жаткандыгы ойлондуруп баштады. Кээде анысын элге айтып чыксамбы деп да ойлоном. Же үйдөгү чырды көчөгө ташыгандай болуп каламбы?