Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жөнөп кетти

09:54, 20 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппараты маалымдайт.

Мамлекет башчысы Чек ара кызматынын аскерлери үчүн курулган үйдүн ачылышына катышат.

Андан тышкары, эки күндүк сапарында Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары менен жолугушат.