Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

09:43, 20 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу кар көчкүдөн тазаланып, жол каттамы бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Аталган жолдун 75-102-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) көлөмү 73000м3 кар көчкү түшүп, 15-февралда убактылуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Жолдо кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.