22-февралда жумуш күнү бир саатка кыскарды

12:15, 19 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

22-февралда жумуш күнү бир саатка кыскарды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин маалымат кызматы кабарлайт.

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнү эс алуу болуп саналгандыктан, Эмгек кодексине 96 беренесине ылайык бейшемби күнкү жумуш кыскартылат.

Эскерте кетсек, 23-февраль совет мезгилинен калган майрам. Кыргызстан куралдуу күчтөрдүн күнүн 29-майда белгилейт.