Кыргызстанда кош бойлуу жана төрөткө жөлөкпулдун орточо көлөмү 7,8 миң сом

13:45, 16 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда кош бойлуу жана төрөткө жөлөкпулдун орточо көлөмү 7,8 миң сом. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бүгүнкү коллегиясында айтылды.

Аны 2017-жылы 43,6 миң киши алды. Ал эми жаназа берилүүчү акча орточо 3 миң 565 сомго барабар. Аны өткөн жылы 3,2 миң киши алды.