09:09, 16 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Чүйдө турак үй толугу менен өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын маалыматында, Сокулук районунун Төрт-Көл айылында аянты 60 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин № 23 аскерлештирилген өрт-куткаруу кызматынан 1 бөлүм тартылып, өрт саат 21:15те чектөөгө алынып, саат 22:30да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.