Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна убактылуу чектөө киригизилди

09:07, 16 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна убактылуу чектөө киригизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Кечээ аталган унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан, 22-чакырымынан 177-чакырымына чейин унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киригизилди.