Кыргызстанда интернетте ичимдикти рекламалоого тыюу салынды

15:20, 15 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда интернетте ичимдикти рекламалоого тыюу салынды. Бул боюнча мыйзамга өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Мыйзам долбоор KG доменинин аймагында жайгашкан интернет баракчаларга тиешелүү. Белгилүү болгондой 2 миңдей сайт бар.

Жобону бузган жарандар 10 миң сом, кызматкерлер 20 миң сом, юридикалык жактар 70 миң сом төлөшөт.

Мыйзам долбоордо рекламаны жасоо, аны жайгаштыруу жана таркатууга дагы бөгөт коюлат.