Өкмөт «Таза жашоо» улуттук кампаниясын жарыялады

12:17, 15 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Өкмөт «Таза жашоо» улуттук кампаниясын жарыялады. Ал 1-мартта 31-майга чейин өтөт.

Акциянын максаты — социалдык инфраструктураны жакшыртуу, шаар жана айылдарды тазалап, жашылдандыруу.

Өкмөт бул арала имараттарды сырдап, балдар аянтчаларындагы селкинчектерди жаңылоону сунуштайт. Кампаниянын алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык акциялар өтөрү күтүлөт. Мамлекеттик мекемелерден тышкары, коомдук уюмдарды дагы катышууга чакырат.