07:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда «коррупционерлердин тизмеси» түзүлөт

Кыргызстанда коррупция, мамлекеттин мүлкүн уурдоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча жоопкерчиликке тартылган жана соттолгон сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин реестри түзүлөт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев билдирди.

«Бул реестр бизге эмне үчүн керек? Бул боюнча соттолгон жана соттун өкүмү чыккан кишилер мындан ары мамлекеттик кызматтарга кайра орношуп албашы үчүн жана кайсы бир кызматка кирип албашы үчүн керек», — деди Сагынбаев.

Анын айтымында, коррупция жана мамлекеттик мүлктү уурдоо фактылары боюнча негизсиз токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштери жаңыртылат жана иликтөө иштери улантылат.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстандын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» Коопсуздук кеңешинин чечимине 13-февралда кол койгон. Чечимдин долбоору 8-февралда президенттин төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар