Тажикстанда президенттин кайрылуусун укпаган концертмейстер жумуштан алынды

09:21, 15 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Душанбе шаарындагы Хореографиялык окуу жайдын концертмейстери жана бий мугалими Саида Рустамова президенттин парламенттеги жылдык кайрылуусу маалында залдан чыгып кеткендиги үчүн жумуштан алынды.

«Окуу жайдын директору тарабынан кол коюлган буйрукта «Салтанаттар залына барып, теле аркылуу Улут көсөмүнүн кайрылуусун угуудан баш тарткандыгы үчүн жумуштан алынсын» деп жазылып турат. Бирок чынында андай болгон эмес. Мен залга киргенимде бош орун жок экен. Жаман ой жок болчу. Болгону угууга мүмкүндүк болгон жок», — деди Саида Рустамова 14-февралда.

Президент Эмомали Рахмон өткөн жылы 22-декабрда кезектеги жолу өлкө парламентине кайрылуу жасаган.

«Хореографиялык окуу жайда концертмейстер адиси жок. Акыркы төрт жылдан бери эки кишинин жумушун аткарып келгем. Мен жетекчиликтин бул чечимине макул эмесмин жана президенттик администрация менен Маданият министрлигине арыздандым. Азыр жооп күтүп атам», - деди Саида Рустамова.

Окуу жайдын директору Кенжа Иброхимов концертмейстер жумуштан оройлугу жана буйрукту аткарбагандыгы үчүн кетирилгенин айтууда. «Ал жетекчиликтин буйругун аткарган жок, оройлугун көрсөттү. Кызматкер ички тартиптерди бузуп, жетекчиликке орой мамиле кылганда ал жумуштан алынат. Ал биздин үстүбүздөн арызданыптыр. Мындай кадамга чагымчылдар гана барат», -деди ал.

Айтымында, буга чейин Саида Рустамова оройлугунан улам музыкалык колледжден, Искусство институтунан жана Улуттук консерваториядан айдалган.