Дастан Догоев отставкага кетти

09:12, 15 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев отставкага кетти. Анын арызын премьер-министр Сапар Исаков кабыл алды.

Анын ордуна Алина Шаикова дайындалды. Алина Шаикова 2017-жылдын декабрь айында Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору болуп бекитилген.