Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке өз өкүлүн дайындады

15:12, 14 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков жогорку кеңештеги өкүлү Молдокун Абдылдаевди кызматтан алып, анын ордуна Курманбек Дыйканбаевди дайындады.

Молдокун Абдылдаевди мурдакы президент Алмазбек Атамбаев бул кызматка койгон. Курманбек Дыйканбаев Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты.