15:14
USD 87.02
EUR 95.29
RUB 1.05

Абактагы ачкачылык уланууда. Жакындары митинг жана ачкачылык менен колдошууда

Мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталып соттолгон Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров эки жумадан бери ачкачылк кармоону улантууда.

Алардын туугандарынын айтымында, Бектур Асановдун абалы оор. Ал бир нече жолу өзүн жоготкон. Жаза аткаруу кызматы саясатчылардын ахыбалын укол менен кармап жатышат.

«Эгер УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев отставкага кетпесе, алар үчөө тең 15-февралдан тарта уколдон да баш тартмакчы» — дейт «Саясый куугунтуктарды коргоо комитетинин» мүчөсү Зулфия Марат.

Бүгүн Акүй алдында Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровду колдоо митинги болуп өттү. Жакындары президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди отставкага кетирүүнү талап кылышты.

Андан тышкары, абактыгылардын өтүнүчү менен мурдакы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдон ачкачылыкты токтотууну суранышты.

«Акыркы эки жылда сиздин абалыңыз (Дастан Сарыгулов — ред.) начарлап кеткенин билебиз. Андыктан ачкачылыкты токтотуң. Анын кереги жок» — деп айтылат Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыровдун Дастан Сарыгуловго кайрылуусунда.

Эскерте кетсек, «Эл үнү» коомдук уюмунун мүчөлөрү мамлекеттик төңкөрүш жасоо айыбы менен кармалган. Алардын ичинен Дастан Сарыгулов сот залынан бошотулду. Эрнест Карыбеков 20 жылга, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12 жылга эркинен ажыратылды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шаршемби