Чыныбай Турсунбеков: Жогорку Кеңеш таркатылбайт

14:30, 13 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеш таркатылбайт. Бул тууралуу КСДП партиясынын парламенттеги депутаты Чыныбай Турсунбеков «Азаттык» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттин жайга чейин өзүн-өзү таркатары боюнча маалымат негизсиз.

«2015-жылы эле парламенттик шайлоо өткөргөнбүз. Азыр кайра өткөрүү туура эмес» — деди ал.

ЖКнын мурдакы спикери КСДПнын январга белгиленген курултайы эми апрелде өтөөрүн кошумчалады.