11:36, 13 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Ал өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы. Андан тышкары, өкмөт башчы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат.
Ошондой эле Сапар Исаков Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп квартиралуу турак-жайдын курулушу менен таанышат.