10:36, 13 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Кабак айылында суу каптоо коркунучу пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Анын айтымында, жер астындагы суулар көтөрүлүп, муз катмары пайда болуп, үйлөргө коркунуч жаралды.
ӨКМ алдын-алуу иштерди жүргүзүүдө. 1 эксковатор, 1 жүктөгүч жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, 200 метр дренаждык канал казылды.