Үч жыл ичинде «Тазалыктын» алты кызматкери дөңгөлөк астында каза болду

14:36, 12 февраля 2018, Бишкек - 24.kg

Үч жыл ичинде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын алты кызматкери дөңгөлөк астында каза болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

Алардын айтымында, бүгүн эртең менен 8.00дө Бишкекте унаа сүзүп кеткен А. Султаналиеванын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Ишкананы кызматкерин эртең менен «Хонда» унаасы сүзүп кетти. Аял «Тез жардам» кызматынын унаасында набыт болду.

А. Султаналиева 2016-жылдан бери көчө шыпырып иштеп жүргөн.