12:51, 12 февраля 2018, Бишкек - 24.kg
Ош шаарындагы ооруканада эс-учун жоготуп жаткан үч жашар бала көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБсынан билдиришти.
Эскерте кетсек, 2015-жылы туулган А. Бексултан 4-февраль күнү катуу сабалып, мээсине кан уюлуп ооруканага түшкөн. Аны 24 жаштагы өз энеси сабаганын мойнуна алды.
Апасына алгач «Башаламандык» беренеси менен иш козголгон. Азыр ал «Адам өлтүрүүгө» алмаштырылды.