Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда 22 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, үйүндө меш жарылып, кыздын денесинин 65-70 пайызы күйгөн. Бейтапты жана боюндагы 20 жумалык баланы сактоого мүмкүн болгон жок.
Кырсык 26-январда Сокулук районунун Романовка айылында болгон.

