04:20
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жетти

Ош шаарында товар жүргүзүүнүн көлөмү 2017-жылы 270 млн. долларга жетти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта шаар товар жүгүртүүнүн көлөмүн акыркы эки жылда 13 пайызга көбөйткөн. Ага өткөн жылы Өзбекстан менен чек аранын ачылышы түрткү болду.

2015-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 21 млн. долларын түзгөн болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 150 млн, ал эми өткөн жылы 270 млн долларга жеткен. Ошондой эле, өткөн жылы Андижан шаарында бизнес-форум өткөрүлүп, ишкерлердин кызматташтыгына жол ачылды.

Мэриянын маалыматында, бүгүнкү күндө «Равон-Моторс-Ош» автосалону, «Акфа-пласт», «Измо», «Артель» сыяктуу биргелешкен ишкангалар иштеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар